Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселе жабык эшик артында өтүп жатат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев чек арадагы кырдаал боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"16-сентябрда чырды токтотуу маселеси боюнча эки тараптуу сүйлөшүү болуп, жагдайды жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүрдү. 17-18-сентябрда тыныгуусуз сүйлөшүүлөр жүрүп, талаш-тартыштар болду. Эки тарап тең өзүнүн дооматтарын, талаптарын коюшту. Эки элди ынтымакка тартуу боюнча сүйлөшүлдү. Чек араны тактоо Чек ара кызматынын карамагына кирбейт. Чек араны тактоо иштерин тездетүү сунушун бердик. Тактоо иши бүтмөйүнчө ушундай окуялар боло берет деген коркунуч бар", - дейт Шаршеев.