Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал бүгүн, 19-декабрга карата туруктуу. Мындай маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
"Укук коргоо органдары коомдук тартипти камсыздап, чек арага жакын аймактарда кайгуул жүргүзүшүүдө. Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат. Ал эми чек арадагы өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барууда", - деп жазылат маалыматта.