Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу, түн тынч өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Сажира Чоколоева билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасы-Тажикстан чек арасын эки тарап тең күчөтүлгөн тартипте кайтарышууда. Азыркы тапта жергиликтүү бийлик, милиция кызматкерлери абалды көзөмөлгө алып турушат.
Эске салсак, 22-январь күнү саат 17:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын жарандарынын ортотусунда чыр чыккан. Жаңжал таш ыргытышуу менен коштолгон. Жыйынтыгында 1 турак үй жана 4 автоунаа зыянга учураган.
Учурда жаңжалдын келип чыгуу себептери териштирилип жатат.