Баткен облусунун жашоочуларынын зыянга учураган үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтирилет

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялардан улам жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларынын үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтирилет. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон турак жайлар мамлекеттин эсебинен бекер курулуп берилери белгиленет.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду. Ички иштер министринин орун басары жаракат алгандардын 118ине ок тийсе, дагы 10 адамга таш тийгенин кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облус боюнча 78 турак үй кыйраганын маалымдады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан