Баткен облусунда Кыргыз жаранына тажик тараптан ок атылганы айтылды

Баткен облусундагы Эки-Таш айыл аймагында Кыргыз жаранына Тажик жарандары тарабынан ок атылган. Маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан тастыктап, буларды билдирди.

"Эки-Таш айылында тажик тараптан Б.Б. аттуу Кыргыз жаранынын унаасына Ош-Исфана жолунда ок чыгарышкан. Натыйжада айдоочу октон жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Түндө эки тараптын укук коргоо органдары жолугушкан. Учурда кызматкерлер аталган жерде иштеп жатышат. Ал эми Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында кайрадан Кыргыз жана Тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкканын аталган айылдын жашоочусу билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Raatbek700
2020-06-02 12:48:31
Вапше эле болбой калыштыго булар давай бизге оружия бергиле озубуз эле атышабыз бийликтен пайда жок окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан