Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус темасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эми "ойгонду". Бүгүн, 3-март күнү уюлдук операторлорго министрликтин атынан коронавирустун алдын алуу чаралары тууралуу маалымат келип баштады.
"Колду самындап жуугула, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозуңарды, мурдуңарды кагаз майлык менен тоскула. Толук маалыматты med.kg сайтынан аласыздар" деп Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтына шилтеме калтырган.
2 жарым айдан бери дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, 90 миңден ашуун адамды жабыркатып, 3000ден ашык адамдын өмүрүн алган вирус тууралуу министрлик 2 жарым айдан кийин араң "ойгонуп", коронавирустун алдын алуу боюнча чараларды таратканы талкуу жаратпай койбойт.