Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 6 медицина кызматкери катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шарында – 3, Чүй облусунда – 3 медицина кызматкери илдетке кабылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 4 миң 457 медицина кызматкерине коюлду. Алардын ичинен бир суткада стационардан 6 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден 5 медицина кызматкери айыкты.
Республика боюнча жалпы 4 миң 384 медицина кызматкери айыкты.