Новиков: "Чектөө чаралары азырынча киргизилбейт, бирок жарандар коомдук жайларда беткап кийип жүрүшү керек"

Чектөө чаралары азырынча киргизилбейт, бирок жарандар коомдук жайларда беткап кийип жүрүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан аркы чаралар жергиликтүү бийлик тарабынан региондогу эпидемиологиялык кырдаалдын деңгээлине жараша колдонулат. Ал Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясы менен ооруп калуулардын көбөйүшүнө медициналык мекемелердин даярдыгын такай көзөмөлдөп турушу керектигин баса белгиледи.

"Коронавируска чалдыгуунун өсүшү дүйнө жүзү боюнча байкалууда, чектөө чаралары коңшу мамлекеттерде колдонула баштады. Бардык деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарыбыз жарандардын арасындагы оорулардын көбөйүшүнө толук даяр болушу керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык штабдын бир катар маанилүү буйруктарын аткаруу боюнча жетишсиз ишин белгилегим келет. Мен ар бир жетекчилерден жоопкерчилик жөнүндө унутпоону суранам, эч кандай жол берилген мамиле болбошу керек. Былтыр пандемия болуп жаткан кезде кетирилген каталардан сабак алышыбыз керек", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mastura90
2021-03-28 09:26:01
Өзбекстан менен граница жабылат деп жатышат ошол чынбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан