Дүйнөдө коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны бүгүн, 10-декабрга карата 68 миллион 838 миң 273 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 44 миллион 323 миң 177 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 568 миң 512 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 15 миллион 381 миң 450 болду. 289 миң 298 адам каза болсо, 5 миллион 889 миң 896 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 735 миң 850 адамдан аныкталды. 141 миң 360 адам каза болсо, 9 миллион 215 миң 581 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 728 миң 452 адам вируска кабылган. 178 миң 995 бейтап көз жумса, 5 миллион 966 миң 118 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.