Камчыбек Ташиев: "Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок"

Кечээ, 6-майда интернет айдыңында 1-2-майда Баткен облусунда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсү жарыяланды.
Тараптар №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөрдө долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонууну макулдашкан.
Топографиялык жумушчу топторго 2021-жылдын 5-майынан 9-майына чейин жогоруда көрсөтүлгөн участоктордо долбоордун чек ара сызыгын тактап, аны жазуу тапшырылган. Документте ошондой эле Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана мыйзамдуу жол-жоболоштуруу процесси аяктаганга чейин Ворух анклавына Тажикстандын транспорт каражаттары, жарандары жана товарлардын ээн-эркин өтүшү боюнча макулдашуу камтылган. Дал ушул жагдайдан улам соцтармактарда “Ташиев Ворухка коридор берип коюптур”, “тажиктер согуш ачып, көздөгөнүн алды” деген сыяктуу пикирлер көбөйдү.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүүдө айтылган жагдайларды чечмелеп бергенин анын жардамчычсы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады.
Биринчиден, Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча оор кырдаалда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алганыбыз чын. Ага ылайык, 5-майдан 9-майга чейин №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөр боюнча чек ара тилкесин чийип, жазуу иштери жүргүзүлөт. Мына ушул тилкелер боюнча гана 1924-жыл, 1927-жыл жана 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Дагы бир жолу баса белгилейм, аталган жылдардагы карталар №43 чек ара чекитинен №49га чейин жана №135тен №141ге чейинки чек ара чекиттерин тактоодо гана колдонулат, Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок.
Экинчиден, Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок. Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган авто жол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул документте так жазылып турат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат. Башкача айтканда, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын мамлекеттер аралык келишими менен бекитилет.
Үчүнчүдөн, биз качан гана анклавдын тегерек-чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин гана жолду пайдаланууга уруксат беребиз. Ворух анклавынын тегерек-четин тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өз алдынча жүрмөкчү. Калган участоктор өзүнчө, Ворух боюнча өзүнчө келишимге келебиз. Ошондуктан сабырдуу болуп, такталбаган маалыматтарды чыгарбай турсак. Бизге башка мамлекеттин бир метр да жеринин кереги жок, бирок биз дагы бир метр жерибизди бербейбиз. Өлкө жетекчилиги, бардыгыбыз мына ушул позицияда болобуз жана аягына чейин турабыз.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Milduri
2021-05-07 10:04:15
Ворух биздин башыбызга бүткөн балээ болду! Ушул анклавды жер алмашып же сатып алып болсо да өзүбүзгө албасак дагыда көп бүтпөгөн конфликттер чыга берчүдөй, ушул Ворух маселесин чечип алсак аябай жакшы болот эле келечек муун үчүн да, Кыргызстандагы миллиардерлер да акчасын аябай берсе, экинчи жагынан Кумтөргө ультиматум койсок кетесиңер калып иштегиңер келсе Ворухту алганга өтө чоң суммада акча төлөгүлө деп, кыргыз элим Ворухту кандай болбосун алыштын жолун ойлонолу, тажиктерге коридор бербейбиз!
+2
aslan_akjol89
2021-05-07 16:09:51
Milduri,Ворухту тажиктер эч качан бербейт,сатпайт дагы алмашпайт дагы.Алар ошону коздой жылганды пландаштырышкан ал иттер.
+1
mirlanpiter
2021-05-07 10:04:21
Камчыбек ага Кудай колдосун сизди, өмүрүңүз узун болсун эл үчүн кызмат кылып жүрөсүз ийгилик коштосун дайым.Мен өзүмдү бир аз патриот сезсем да Камчыбек Кыдыршаевичти чыныгы кыргыз патриоту деп эсептейм!
-5
Bakyt.shutov
2021-05-07 10:23:49
Ворух анклавына Тажикстандын транспорт каражаттары, жарандары жана товарлардын ээн-эркин өтүшү боюнча макулдашуу камтылган
.Деп коюптур буга чейин деле ээн эркин отуп эле журушкон .Машиналары деле Адамдары деле ЭЭн эркин журушконун Баткендиктердин баары эле билет.Товарлары деле контрабанда жолу менен 80% пайызы отот,биздин дыйкандардын шору эле болуп калат ТДЖ тер Арзан сатып кете беришет дагы Биздин дыйкандарга кыйын болуп калат..бул жерде дагы башка нерсе болушу мумкун
0
Flowhive
2021-05-07 22:08:37
Ташиевден кутподум эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан