Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ардагер Асек Урмамбетовду Жеңиш күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов быйыл 98 жашка толгон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урмамбетовду барып көрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрага ардагерди келе жаткан майрамы - Жеңиш күнү менен чын жүрөгүнөн куттуктап, согуш учурунда көрсөткөн каармандыгы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

“Биз жеңишке жетишкен муундун алдында кутулгус карызбыз, сиздердин эрдигиңиздер биздин жүрөгүбүздө жана Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында түбөлүк сакталып калат. Сиздер азыркы муун үчүн да, кийинки муундар үчүн да үлгүсүздөр”, - деди төрага.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин атынан ардагерге акчалай жардам көрсөтүп, атайын белектерди тапшырды. Асек Урмамбетовго чың ден соолук каалап, дагы көп жыл жашаңыз деген каалоосун айтты.

Асек Урмамбетов бир топ жашка келип калганына карабастан, согуштун ардагерлерине, майыптарга жана тылда иштегендерге колдоо көрсөтүүчү “Ак-Жол “ фондусун жетектейт, китептерди, роман, поэмаларды жазып жүрөт. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде ал аскерге чакырылган. 1943-жылдын майында 735-аткычтар полкуна туш болуп, аткычтар взводун жетектеген. Согуштук тапшырмаларды аткарып, айыл-кыштактарды, шаарларды фашисттик баскынчылардан бошоткону үчүн Урмамбетов Улуу Ата Мекендик согуш жана Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан