Бир сутка ичинде коронавирус илдетин 7 медицина кызматкери жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, катталгандардын ичинен бирөө кызыл зонада (Бишкекте) жуктуруп алган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 4 миң 495 медицина кызматкери жуктуруп алды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 1 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 3 медицина кызматкери айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча 4 миң 429 медицина кызматкери айыкты.