Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов «Манас» аэропортунун даярдыгы менен таанышты

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортуна барып, ички аба каттамдарын жандандырууга даярдык менен таанышты.

Кубатбек Бороновго коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча аракеттердин алгоритми, аэропорттун өткөрмө пункту аркылуу өткөн жүргүнчүлөрдү текшерүү тартиби тууралуу айтып беришти.

Алсак, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун аэробекеттер комплексинин имаратына көрсөтүлгөн күнгө билети бар жүргүнчүлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштогон жактар гана киргизилет. Узатуучу жана тосуп алган жарандар үчүн аэробекетке кирүү убактылуу чектелген, алар үчүн күтүүгө өзүнчө орун даярдалган.

Аэробекеттер имаратынын кире беришинде бардык жүргүнчүлөр жана жүк милдеттүү түрдө дезинфекциялоочу туннелден, термометрдик көзөмөлдөн жана дене табын тепловизордук камералар менен ченөөдөн өткөрүлөт.

Сөзсүз түрдө бет кап тагынып, аралыкты сактоо зарыл.

Клиникалык белгилер аныкталган шартта (жогорку дене табы, жөтөл, дем жетпөө, дем кысылуу, чыйрыгуу жана башка) ооруканага жаткырылат. Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр анкеталык маалыматтарды толтурушат.

Учуп келери менен жүргүнчүлөр термометрдик көзөмөлдөн өтүп, дене табы өлчөнөт.

«Ички аба каттамдарын жандандыруу инфекциянын жайылышы боюнча белгилүү бир тобокелдиктерди алып келет. Ошондуктан бардык көзөмөлдөөчү органдар текшерүү алгоритмдерин так аткарып, зарыл шартта ыкчам чара көрүүгө тийиш. Келген жүргүнчүлөргө көзөмөл катуу болушу шарт. Мындан тышкары билет баасынын жогору экендиги тууралуу жарандардын кайрылуулары түшүүдө. Тармактык органдар бул маселени иштеп чыгып, жөнгө салышы керек», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mamiev
2020-06-06 13:32:17
Эмне менен таанышып жатканына мээси деле жетпесе керек. Ии деп көрсөткөн нерселерин карап көрүп коюп келе берди да. Мээси болсо Баткенге барып кечирим сурамак эмес. Эл менен жолугуп элдин духун көтөрүп бир карыш жер бербейбиз демек. Келип алып депутаттардан суранып олтурат жабык эшик артында откоролу деп. Акмак элдин наалаты тиет мындай болсон
+4
Adi010891
2020-06-06 21:37:18
Mamiev,ошону туура айттын тууган! Эмнеге кечирим сураганы да белгисиз бул Боронувдун.
+1
Mister-X
2020-06-06 20:18:59
Мындан башка адам жокбу вицеликке?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан