Кара-Кулжанын айылдарын кайрадан сел каптады (видео)

Бүгүн, 11-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашууда.
Айтымдарында, жергиликтүү калк азыркы тапта селди тосуу иштери менен алектенип жүрүшөт.
"Ар ким өз короосун кыяндан коргоп тосуп жүрөт. Суунун агымы катуу келип жаткандыктан абалды кооптуу деп айтсак болот. Ал эми жааган жаан токтобой, эртеден бери төгүп жатат", - дейт жергиликтүү жашоочу.
Буга чейин 8-май күнү 23:00 чамасында да катуу жааган жаандын кесепетинен Кара-Кулжанын айылдарында сел жүргөн.
ӨКМнын маалыматы боюнча Кара-Кочкор айыл аймагынын Ак-Кыя айылында 2 турак үйдүн ичине, 2 турак үйдүн жер төлөсүнө, 43 турак үйдүн короо-сарайларына суу кирген жана 450 метр ички чарбалык унаа жолу жараксыз абалга келген.
Сары-Булак айылында “Жаңы-Моңол” каналы кум-шагылга толуп, суулар ашып 1 мектептин, 1 мечиттин короолоруна, 1 бала бакчанын короосуна жана жер төлөсүнө, 30 турак үйдүн короо-жайына, 38 турак үйдүн ичине, 34 турак үйдүн короо-сарайларына суу кирген жана 1 даана электр мамычасы кулап, 400 метр электр зымдары жараксыз абалга келген. Мындан сырткары 1 жылкы, 5 уй жана 70 бал челек селге агып кеткен.
Ошондой эле Кара-Кочкор айылындагы Атакул сел өткөрүүчү каналынын жалпы 700 метр аралыгы кум, шагыл, таштарга толуп, каналдын оң тарабынын 15 метр аралыгын сел бузуп кеткен.
Нура сел өткөрүүчү каналынын жалпы 1000 метр аралыгы кум, шагыл, таштарга толуп, каналдын оң тарабынан 25 метр аралыгы жана сол тарабынан 5 жерден жалпы 100 метр аралыгын сел бузуп, жараксыз абалга келтирген жана 2 турак-үйдүн ичин, 7 турак үйдүн короо-сарайларын, 2 чакырым ички чарбалык жолду жана 5 гектар үлүш жерди каптаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан