Чек арада кайрадан чыр. Тажик тарап 3 жаранды кармап, кайра коё бергени айтылды

Бүгүн, 17-майда эртең менен белгисиз адамдар Баткен районундагы Ак-Сай айылынын тургундарын кармап, Тажикстандын Ворух анклавынын аймагына алып кетишкен. Бул тууралуу жергиликтүү тургун кабарлады.

Айтымында, бул окуяга байланыштуу эки тараптын өкмөт өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

"Бир нече тургун жайлоодон кайтып келе жатканда, алардын үчөөнү жолдон кармап, алып кетишкен. Алар Портер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен келе жатышкан. Буга байланыштуу укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөрдөн кийин алар бошотулган. Абал негизинен туруктуу, бирок айрым тургундар барымтага алынгандар жөнүндө маалыматтын тарашынан улам дүрбөлөңгө түшүп, айылдан чыгып кетүүгө аракет кылышкан", - деди жергиликтүү тургун.

Ал эми бул боюнча Баткендеги өкмөт өкүлчүлүгү чалууларга жооп бербей жатат.

Жергиликтүү тургундар аймактагы бардык жолдор ачык экендигин белгилешти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jalgyz.sen
2021-05-17 15:02:03
Тынч отура албай калдык го
+6
Rifle_I
2021-05-17 15:38:37
Тажиктер цыгань сыяктуу калк экен да. Россия дагы цыгандар өнөрүн көрсөтө берип омон кирип тынчыткан эле.
+4
Dembele84
2021-05-17 15:57:09
Кыргыздар ушул ит тажиктерден эле кор болмой болду.
+6
kansuluu
2021-05-18 05:12:22
Ак сай эли Баткен шаарына качып келип, мектептердин спорт залына жайгаштырылды.18-май окуу процесси онлайн режимде өтүлөт.Ушул тажиктер мыкаачы эл болушат экен, барымтага алган жарандардын кулагын кесишиптир, Баткен шаардык биргелешкен оорууканасы ызы-чуу дешти.
0
Mubarak
2021-05-18 06:09:50
Катуу чара корбосо ушундай кылса болоберет дейьи а бул ит тажиктер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан