Депутат Мирлан Жээнчороев Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маалымат берген айылдык кеңештин депутаттарын 8 саат суракка алуу туура эместигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Эмне үчүн ИИМ маалымат берген адамды суракка алат? 8 саат сурак алган туура эмес. Бул канчалык мыйзамдуу экенин тактоо үчүн прокуратурага кайрылуу керек", - дейт Жээнчороев.
Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков алар маалымат алуу үчүн суракка чакырылганын белгиледи.
14-сентябрь күнү Лейлек районунун айылдык кеңешинин депутаттары Сапарали Бөрүбаев жана Шайырбек Орозалиев такталбаган жерге Тажикстан тарап шагыл түшүрүп, курулуш иштерин баштаганы боюнча кайрылуу жасаган.
16-сентябрда алар Ички иштер министрлигине сурак берүүгө чакырылып, Сапарали Бөрүбаев саат 10:00дө суракка кирсе, Шайырбек Орозалиев саат 15:00 чамасында суракка кирген.