Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл айыл аймагына караштуу Төлөк айылынын Боз участкасындагы сел алып өтүүчү каналдын кум-шагылга толуп калган арыктарын тазалоо мерчемделген.
Айыл аймак башчысы Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен жергиликтүү тургундар ишке тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада айылдын 40 турак жайы сел каптоодон корголгонун ӨКМдан билдиришти.