"Ош базарынын" аймагындагы баш аламан сооданы иретке келтирүү иштери дагы деле уланууда. Бүгүн акимчиликтин тийиштүү кызматкерлери базар ичинде мыйзамсыз соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин столдорун алышкан. Кээ бирлерине эскертүү берилди. Бирок соодагерлер бул нерсеге каршы болуп, турган жерлеринде орун алууга уруксат берилишин өтүнүп жатышат.
Баш аламан соода жүргүзгөндөрдүн бири төмөнкүлөргө токтолду.
"Менин азыр чатырымды алып кетишти. Мыйзамсыз жер, бирок бизге акча төлө десе төлөп бермекпиз ушул орунга. Базардын ичине туралы десек, ижарасына көп акча керектелет. Мисалы, "Кыялдын" ичинен орун берилсе, ошол жакка турат элек. Андан башка жерге каршыбыз, башка жактарга турганда соода болбой калат", - деди Лариса аттуу соодагер.
Дагы бир соодагер бул жерден кетүүгө шартыбыз жок дейт.
"Берекеттин" ичине же башка жакка барганда ал жактан соода болбой калат. Көчөдө жок дегенде төрт-беш жолу соода кылып алабыз. Кеткенге шартыбыз жок. Баарыбыздын карызыбыз бар. Бул жактан кууп салат, кайра келебиз. Бизге ушул жакка эле орун кылып беришсе жакшы болот эле", - деди Гүлзат.
Эске салсак, "Ош базарынын" айланасында мыйзамсыз соода кылгандарга каршы иштер тынымсыз жүрүп келет. Ошого карабастан, кайра эле соодагерлер чыгып соода жүгүзүүнү улантып келишүүдө.