Улукбек Марипов Ош облусунун Ноокат шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы акимдерди ротациялоо райондорду өнүктүрүүдө оң натыйжасын берерин айтып өттү.
"Президент тарабынан район акимдерин кайрадан дайындоо тууралуу жарлыкка кол коюлду. Бул жолу биз район башчыларын дайындоо принцибин толугу менен өзгөртүүнү чечтик. Өлкө түштүгүндө иштегендер эми түндүк тарапка, ошондой эле түндүк тараптагылар түштүккө багытталат. Мунун бардыгы жер-жерлердеги орнотулган ыкмаларды жоюу иретинде жасалууда. Жаңыча иштеп баштоо керек. Биз акимдердин натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзөбүз, инвесторлорду тартабыз, ал эми жергиликтүү жетекчилер аларга ишенип берилген аймактагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үстүндө түздөн-түз иш алып барышы керек", - деди ал.
Андан соң Улукбек Марипов Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы стационардык оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты жана медициналык кызматкерлер менен пикир алышты.
"Пандемия дарыгердин кесиби канчалык маанилүү экендигин көрсөттү. Ар бир үй-бүлө жок дегенде бир жолу медициналык жардам сурап кайрылгандыгын ишенимдүү айта алам. Ошондуктан биз биринчи кезекте дарыгерлердин айлыгын 50 пайызга көтөрүүнү чечтик. Бул башкы дарыгерлерге гана эмес, ошондой эле бардык медициналык персоналга тиешелүү. Бул жетишсиз экендигин мен түшүнөм. Келечекте биз сөзсүз түрдө бардык медиктерди татыктуу эмгек акысы менен камсыздайбыз", - деди Улукбек Марипов.