Коронавирус башталган Кытайдын Ухан шаарындагы Вирусология институтунун үч кытай окумуштуусу пандемия башталардан бир аз мурун катуу оорушкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, бул шаарда COVID-19 илдети биринчи жолу 2019-жылдын декабрь айында катталган. Ал эми аталган илимпоздор ошол эле жылы ноябрь айында катуу оорудан улам ооруканага кайрылышкан. Ошол эле учурда алардын белгилери окшош болгон жана алар өзүлөрү вирустар менен иштеген бир топтун мүчөлөрү болушкан.
Май айында АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы COVID-19 пандемиясы Ухан шаарындагы Вирусология институтунан чыккандыгы тууралуу ачык далилдер бар экендигин билдиришкен.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму март айында уюмдун эл аралык эксперттик тобун COVID-19дун келип чыгышын аныктоо үчүн Уханга болгон иш сапары жөнүндө толук отчётун жарыялаган. Документте коронавирустун лабораториядан келип чыгышы өтө эле күмөн экени айтылган. Коронавирус адамдарга башка жаныбардан жуктуруп алган жарганаттардан жуккан деп божомолдошкон.