Ош облусунда 3 күндөн бери 20 жаштагы Айдана Сатыбалдиева аттуу кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын туугандары билдиришти.
Алардын айтымында, Айдана жакындарына айтпай Орусиянын Москва шаарына учуп кеткен.
"Айдана социалдык тармак аркылуу бирөө менен таанышыптыр, ал жигити деле эмес. Балким, ал кызды алдоо жолу менен чакыртып алгандыр. 21-май күнү ал бизге айтпай Москвага учуп кетиптир. Ошол күнү Айдана үйгө келбегендиктен эртеси издеп баштадык, кийин анын Москвада экендигин билдик. Учакка билетти ким алып бергенин билбейбиз", - деп билдиришти жакындары.
Маалыматка ылайык, кыздын атасы каза болуп калган, апасы бар.