Терини ультра сыя нурларынын зыяндуу таасиринен сактоо үчүн күндөн коргоочу бет майды колдонобуз. SPF эмнени билдирет, эффективдүү каражатты кантип тандоо керек жана күндөн коргогон бет майды сүйкөөдө кандай эрежелерди сактоо керек? Бул тууралуу SUPER.KG порталына косметолог Лаура Сурамбаева айтып берди.
- Ысык аптаптуу күндөрдө UVA жана UVB деген эки түрдүү күндүн нурунун терс таасирлери бар. Бул экөө тең картаюу процессин тездетет же болбосо рак клеткаларынын пайда болушун шарттайт. Бардык бет майлар бирдей коргобойт. Себеби SPF-15ден 90го чейин болот канчалык жогору болсо, ошончо күндүн нурун фильтрлеп турат. Күндөн биздин организм 10-15 мүнөткө чейин өзү терини коргогонго мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, биз үйдөн дүкөнгө нан алууга 15 мүнөткө чыга турган болсок организм өзү терини коргой алат. Эгерде биз күндүн алдында эки сааттан ашык жүрө турган болсок, биринчиден пигменттик так пайда болушу мүмкүн, экинчиден рак клеткалары козголушу мүмкүн. Рак клеткалары козголбошу үчүн биздин организмде меланин, меланоцит клеткалары күңүрт өңдөгү клеткаларды бөлүп, пигменттик тактар ошол себептен пайда болот.
- Күндөн коргоочу SPF-50, SPF-70 бет майлар көпчүлүк учурда күндөн жакшы коргойт деген кепилдикти бербейт. Тескерисинче муну жөн гана суу жээкке, көлгө же бассейнге барганда колдонуш керек. Анын сууну түртүүчү эффектиси болот ошол себептен күнүгө колдонууга болбойт. Ар бир SPF бет май туура пайдаланууну талап кылат. Биз SPF бет майын эртең менен коюп ошону менен кечинде жууй турган болсок, бул бет май бизди күндөн коргоо эмес, тескерисинче бизге каршы иштеп, биз койгон бет май кычкылдануу болуп, терибизге пигменттик такты өзү пайда кылат. Ошол себептен ал бет майды ар бир эки саат сайын жууп жана аны кайра жаңылап коюу шарт болот.
- Эгерде сиз күндө көп жүрбөсөңүз кадимки күндүзгү коё турган бет майлардын курамындагы SPF-10,15 менен колдонсоңуз болот. Ал эми сиз күн ачык тийген жерде, балким, базарда иштей турган болсоңуз, күндө көп жүрсөңүз анда SPF-30 туура болот.
SPF-50нү беттин бардык типтерине колдонууга болбойт. Бет майдын курамында ар кандай кошулмалар болушу мүмкүн. Кийинчерээк бетти дүүлүктүрүп, кычыштырып андан соң дерматологиялык ооруларды пайда кылышы ыктымал. Ошондуктан өзүңүздүн бетиңиздин тибине тууралап, жашоо шартыңызга карап мисалы айыл жергесиндеби же шаарда жашайсызбы, бийик үйлөрдүн арасындабы, жумушуңузга тууралап бет майды тандоо керек.