Бразилияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1 миллиондон ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка таянып, чет элдик басылмалар жазышууда.
Ага ылайык, өткөн суткада 54 миң 771 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул рекорддук көрсөткүч болгондугу айтылат. Муну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1 миллион 32 миң 913 адамга жетти. Ал эми бул илдеттен көз жумгандардын саны 48 миң 954 адамды түздү. Бул илдеттен айыккандардын саны 507 миң 200 адам.
6 миллиондон ашуун калкы бар Рио-де-Жанейро шаарынын мэри Марселу Кривелла мегаполис коронавирустун рекорддук түрдө катталуусуна даяр экендигин билдирген. Вирустун экинчи толкуну болушу мүмкүнбү деген суроого шаар мэри: "Эгерде тургундар массалык түрдө топтолуп, социалдык аралыкты сактабаса жана бет тагынбай жүрсө анда вирустун экинчи толкуну болот", - деп жооп берген.