Малайзияда жүргүнчү ташуучу 2 поезд кагышып, 160тан ашуун адам жаракат алды

Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурда жүргүнчү ташуучу эки поезд кагышып, 166 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 24-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:33тө болгон. Анда биринчи поезд бош келе жаткан, ал эми экинчи поездде 232 жүргүнчү болгон. Алардын ичинен 47 адам оор жаракат алып жакынкы ооруканаларга жеткирилген. Учурда кырсык болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жаткандыгы айтылат маалыматта. Кырсыктын келип чыгуу себептери азырынча тактала элек.

Белгилүү болгондой, бул өлкөдө жүргүнчү ташыган поезд катышкан кырсык акыркы 23 жылдан бери каттала элек болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан