Дүйнөлүк банк Кыргыз мамлекетине 17 миллион доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргыз мамлекетине 17 миллион доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 8,5 миллион доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 8,5 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет.

Каражат негизинен аймактарды өнүктүрүү чараларынын маанилүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, COVID-19 илдетине каршы чараларды көрүү багытында жумшалмакчы.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Карамат Орозова жакында эле Баткен облусунун калкы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан улам жабыр тартканын эске салып, алардын абалын жакшыртууга багытталган ушул сындуу бар-жогуна кызыкты.

АРИСтин өкүлү азыр каралып жаткан долбоор Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын аймактарын өнүктүрүүгө багытталганын, ушул сындуу дагы эки долбоор бар экенин, Баткен облусу мына ошол долбоорлордун биринде камтылганын билдирди.

Бул келишим буга чейин Бюджет жана финансы боюнча комитети тарабынан да жактырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан