Ар бир сүйлөгөн сөзү, жүргөн-турганы "хайп" менен коштолгон Арстан Алай кайрадан талкуу чордонунда. Бул ирет анын ырдаганын интернет колдонуучулар талкуулап жаткан чагы.
Видеодо Арстан Алай сөзү Надырбек Алымбековго, обону болсо Каныкей Эралиевага таандык "Ырдалып бүтпөйт махабат" аттуу ырын аткарганын көрүүгө болот. Видео качан жана каякта тартылганы белгисиз. Социалдык тармактардын колдонуучулары көпчүлүк депутаттар, саясий ишмерлер жакшы ырдай алышарын айтышып, алар ырчы болгондо коомго көбүрөөк пайда алып келишмек деген пикирлерин жазып калтырышкан.
Ал эми айрым колдонуучулар адам эмне менен алектенбесин жакшылыктарда обон созуп, бир шиңгил таштап койгону жакшы көрүнүш экенин айтышкан.