Бүгүн, 25-майга карата өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайларда Valuta.kg порталынын маалыматы боюнча 1 доллардын баасы 83,33 сом деп бааланууда. Ошол эле учурда Улуттук банктын расмий сайтында 1 АКШ доллары 83,62 сомго бааланып, доллар 0,18 пайыз төмөндөгөн.
Бул боюнча SUPER.KG порталы эксперттердин пикирин укту.
Экономист Кубан Чороев доллардын кескин төмөндөп кетишине же кескин көтөрүлүп кетишине факторлор жок экенин айтты.
"Бүгүнкү убактагы доллардын курсу рынокто болуп жаткан долларга жана сомго болгон талаптын ортосундагы баланс деп айтсак болот. Негизинен дүйнөлүк тенденция азыркы убакта нефтиге болгон баа кымбат болуп жатат. Ошондуктан доллар башка валюталарга караганда бир аз арзандап жатат. Бирок бул убактылуу эле. Ички факторлорду айтканда бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде тышкы соода солгундады. Импортко болгон талап азайды. Кыргыз мамлекетинин ичинде сатып алуу жөндөмдүүлүк түшкөндүгүнө жараша долларга болгон талап ылдый болуп жатат. Жалпы макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү карасак доллардын кескин төмөндөп кетишине же кескин көтөрүлүп кетишине факторлор жок", - дейт ал.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров доллардын курсу өтө түшүп кетпей турганын белгиледи.
"Доллардын курсу өтө түшүп кетпейт. Анын куну анча-мынча түшүп, көтөрүлүп турат. Доллар керектүү учурда анын куну көтөрүлүп баштайт. Бүгүнкү учурда биз ар кандай жардамдарды алып жаткан үчүн долларга муктаждык жок болуп түшүп жатат. Бизге эч ким жардам бербегенде кыйналып турган учурда доллардын зарылчылыгы көбөйүп, куну көтөрүлөт. Улуттук банк интервенция кылып, курсту түшүргөнгө аракет кылат. Жакын арада Кумтөр маселеси көтөрүлдү. Улуттук банк 29 миллион долларга алтын сатып алып жатканы дагы доллардын кунуна таасирин тийгизет", - деди Абдыров.