"Бар болгон нерсебизди саттык, балабыз жакшы болуп кетсе болду эле" дейт курулуштан кулап, кыймылдабай калган Азизбектин апасы

Кимдин маңдайына эмне тагдыр жазылганын эч ким билбейт эмеспи. Ал эми тагдыр адам баласына ар кандай сыноолорду берип сынайт. Дал ошондой тагдырдын оор сыноосуна кабылгандардын бири 30 жаштагы Азизбек Азимкул уулу. Ал 2 жылга чукул убакыттан бери төшөккө "байланып", оор күндөрдү башынан өткөрүп келет. Анын мындай күнгө кабылышына курулуштагы кырсык себеп болгон.


4 бир туугандын улуусу болгон каарманыбыз үйлөнүү алдында турганда кырсыктап калган. Ал үй-бүлөсүн бардык жактан камсыздаган жалгыз адам болгон. Ошондой эле ал иштеген курулуш компания дарылануусу үчүн айтарлык жардам бербегенин айтат.



Бала үчүн ата-эне баарына түтөт эмеспи, Азизбектин ата-энеси дагы учурда аны карап жанында. "Шаарда үйүбүз жоктугунан алгач батирде жашадык, Акыры ага акчабыз жетпей, шаардан бир топ чакырым алыста ээн талаада жайгашкан тууганыбыздын ушул дачасында убактылуу жашап туруу үчүн сурадык" дейт каарманыбыздын апасы Гүлазим Найманбаева.

"Баланын мындай абалга түшүп калганы ата-эне үчүн оор болот экен. Ушул балабыз баарыбызды каржылап, айылда эл катары жашап келгенбиз. Ноябрь айында үйлөндүрөбүз деп жатсак, минтип кырсыктап калды. Бар болгон нерсебизди саттык, балабыз жакшы болуп кетсе болду эле. Кайрымдуу адамдардан жардам сурайбыз", - дейт Найманбаева.

Азизбек Азимкул уулуна жардам берүүнү каалагандар үчүн:

ЭЛСОМ:
0707196235 Азимкул Райымов.

СберБанк:
4276380146290999 Тынчтык Азимкул уулу.

Курулуштан кулап кетип кыймылдабай калган Азизбек
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazira...
2021-05-25 22:59:33
Ошо компания батир берип койбойбу, кайсы чимкириктики экен эле.
+6
Datka7777
2021-05-26 10:34:29
Жигиттин гулу болгон экен, убагында
-1
algakaray
2021-05-26 16:30:40
Айыгып кетсин деп тилейли.
+2
tynar92kg
2021-05-27 09:37:54
Кудайым сага ден соолук берсин Азиз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан