Өлкөдө акыркы суткада 4 миңге чукул адам эмдөө алды

Өткөн суткада өлкө аймагында 3 миң 476 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, эмдөөдөн өткөн 3 миң 476 адамдын ичинен 2 миң 2 миң 335и вакцинанын II дозасы менен эмделди.

Республика боюнча жалпы 82 миң 258 адам эмдөөдөн өтсө, алардын ичинен 33 миң 145и вакцинанын II дозасын дагы алышты.

Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Учурда эмдөөгө Sinopharm жана Спутник V вакциналары колдонулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан