30-майга карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдети 333 адамда катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары– 148;
Ош шаары – 40;
Чүй облусу – 68;
Ош облусу – 13;
Талас облусу – 5;
Нарын облусу – 14;
Ысык-Көл облусу – 23;
Жалал-Абад облусу – 16;
Баткен облусу – 6.
Жалпы катталгандардын саны – 104 555, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 58 816, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 45 739.