Музыканын төшөк оюнуна тийгизген сырлары

Камырдай жуурулушкан айым менен мырза. Бул экөөнө бир гана нерсе жетишпегендей. Ал эмне? Албетте, музыка.

Бул ирет музыканын төшөккө тийгизген сырлары туурасында сөз кылабыз.

Окумуштуулар көптөгөн изилдөө­лөрдөн улам музыка секстин ажырагыс бир бөлүгү экендигин аныкташкан. Музыка адамды кубандырат же кайгырта алат. Демек, адамды дүүлүктүрө турган касиетке да ээ. Бирок төшөк оюндарына бардык эле музыка түрлөрү жарай бербесин баса белгилешкен.
Көрсө, төшөк оюндарына классикалык музыка гана туура келет экен. Мисалы, Людвиг ван Бетховен, Иоганн Себастьян Бах, Вильгельм Рихард Вангер, Фёдор Игнатьевич Стравинский, Пётр Ильич Чайковскийдин чыгармалары. Классикалык музыкалар жан дүйнөнү козгоо менен бирге каалоону ого бетер күчөтөт. Себеби мындай жанрдагы музыка аң сезимди жагымдуу жыт катары чулгап алчу касиети ээ. Классикалык музыкада жай жана бат ыргактар кезектеше жүрөт. Ал эми мындай музыка жупташуу учурундагы кыймылга байкатпастан багыт берет. Жай ыргакта жай кыймыл ал эми бат-бат ыргакта тез кыймыл коштолот. Музыканы тандоодо бир нерсени көңүлгө алуу керек. Өзүңүз жактырган топтун же ырчынын чыгармасын колдонбоңуз. Анткени сексти экинчи орунга калтырып, музыкага тартылып кеткениңизди байкабай калышыңыз ыктымал. Кыскасы, музыка секстен алаксытып коюшу мүмкүн. Ошондой эле музыка эки адамга тең бирдей жагымдуу болушу керек.

ПОРНОЖУРНАЛ ОРДУНА ЫРДОО


Төшөк оюндарын баштоодон мурун, ырдоо да адамга көптөгөн пайда алып келерин немис дарыгерлери тастыктап чыгышкан. Окумуштуулар чиркөө хорунда ырдагандарды изилдөөдөн өткөрүшкөн. Моцарттын чыгармаларынын бирин аткарып бүткөн ырчылардын кан айлануусу жакшырып, дүүлүгүүнүн алгачкы этаптары байкалган. Маанайлары бир кыйла жакшырган. Ошондон улам окумуштуулар секс алдында табитке жаккан ырды ырдоо порножурналдай эле дүүлүктүрө аларын далилдешкен.

КУМАРДАН СОҢ...

Музыкасыз жупташууда “ох”, “ах” деп ар түрдүү үндөрдү чыгарып акыштоо көпкө созулбасын өнөктөштөр өз тажрыйбасынан билишсе керек. Анын үстүнө мындай секс тажатма боло баштайт. Андыктан жагымдуу музыка сексти узартууга да көмөкчү болорун унутпаңыз. Кийин арадан бир топ убакыт өтсө да, ошол жагымдуу музыканы кокусунан угуп калсаңыз, анда сизде жагымдуу сезимдер пайда болору талашсыз.

Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №378 санына жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AidaKurman
2021-06-03 13:42:15
Хехее;)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан