Казакстанда бир сутка ичинде 1319 адамдан коронавирус илдети аныкталды

Коңшу Казакстанда бир сутка ичинде 1 319 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына ылайык, илдет аныкталгандардын эң көбү Нур-Султан шаарында катталды. Анда:

  • Нур-Султан шаары – 218;
  • Алматы шаары – 208;
  • Шымкент шаары – 46;
  • Акмоло облусу – 77;
  • Актөбө облусу – 20.

Ал эми COVID-19'дан 1 617 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.

Казакстанда пандемия башталгандан бери 388 миң 991 адам илдет жуктуруп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан