Куудул Рахман Разыков каза болду

Куудул, сатирик Рахман Разыков каза болду. Бул тууралуу маалыматты кесиптеши Борончу Кудайбергенов тастыктады.

Анын айтымында, куудул бүгүн эртең менен Ош шаарында ооруканадан каза болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн түштөн кийин жерге берилет.

Өмүр баяны:

Куудул, сатирик Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн.

Кичинекей кезинде 3 мектеп которгон. 10-классына чейин аккордеондо ойноону үйрөнгөн. Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, "Таң жылдызы" деген топту негиздеген. Кийин “Бешилик”, “Беш кемпир" топторун түзгөн.

1987-жылы Рахман Разыков жубайы Диля менен баш кошуп, Чолпон деген кыздуу жана Дастан деген уулдуу болушкан. Куудулдун мурдагы никесинен 3 баласы бар.

Рахман Разыков куудулдук өнөрүнөн сырткары көптөгөн тасмаларга тартылган. Ал "Түндүктүк келин" тасмасында айыл башчынын образын мыкты ачып бере алган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Рахман Разыковдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Akylbek87
2021-06-07 09:53:38
жайы жанаттан болсун, жакшы киши
эле
+6
Merch
2021-06-07 09:56:19
Жайы жаннатта болсун!!!
+5
Dembele84
2021-06-07 10:02:05
Ото окунучтуу,Кыргызстандагы проблемаларды сатирага салып элге жеткизчу эле,дайыма чындык учун курошкон киши эле.Жайы жаннаттан болсун((((
+10
mirkaa5182
2021-06-07 10:06:47
"Бүгүн көргөн эртең жок, атаңы кокуй дүйнө б.." дегендей кечээ жакшынакай жаркылдап жүргөн кудуул агабыз кете бердиби, не дейбиз. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун.
+8
jigit.paren
2021-06-07 10:10:56
Жайы жайлуу болсун Аллахым бейишинен орун берсин
+6
Nur777
2021-06-07 10:26:41
Жайы жаннаттан болсун,жакшы адам эле...
+4
Aibek_eka
2021-06-07 10:33:19
Жайы жанаттан болсун жакшы киши эле
+5
aksy.kg
2021-06-07 10:34:41
Алла таалам бейиштен жай берсин
+4
Alixan-Nookat.2015
2021-06-07 10:36:39
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
+3
satiev87
2021-06-07 10:37:46
Жайы жаннатта болсун!
+4
bond02
2021-06-07 10:52:45
Кыргыздын сатирасы олду! Бейишин берсин.
+6
assanov97
2021-06-07 11:12:30
Инна-Лилляхи Ва-Инна-Иляйхи-Раджиун
+6
Waiyrbek
2021-06-07 11:12:36
Арты кайрылуу болсун. Жамбыл очередти бузбагын кезек сеники деген эле тамашалап кайран киши кете бериптир да
+6
Asmat84
2021-06-07 11:49:28
Кыргыз сатирасында өтө чоң жоготуу болуптур. Сатиралардын атасы болчу бүт кыргыз куудулдарын ушул киши алып чыкпады беле бүтүндөй кыргыз куудулдарына ушул киши сенарийин ушул киши жазып берчи эмес беле.биздин чоңдорду ушул киши сындап асманга көтөрүлүп кеткенде ушул киши жерге тушурчу эмес беле. Аттиң ай арман дүйнө. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
+7
dastan_nookat
2021-06-07 20:31:39
Жаткан жери жайлуу болсун!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан