Израилде өспүрүмдөрдү Covid-19'га каршы эмдөөдөн өткөрүү башталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Израилде 12-15 жаштагы өспүрүмдөр коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Эмдөөнүн алгачкы дозасын алууга 1000 өспүрүм катталгандыгы айтылат.
Белгилей кетсек, Израилде коронавируска каршы эмдөө 2020-жылы 20-декабрда, ал эми ушул жылдын 10-январынан тарта экинчи дозасы менен эмдөө иштери башталган. Вакцинанын биринчи дозасын 5 миллион 450 миң адам алса, 5 миллион 100 миң адам экинчи дозасы менен эмделген. Муну менен Израилдин калкынын жарымы эмдөөдөн өткөн. Эмдөөгө Pfizer жана BioNTech вакциналары колдонулууда.