Орусияда акыркы бир сутка ичинде 6 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 556 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 216 адам каза болсо, 10 миң 281 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 611;

Москва облусунда - 306;

Санкт-Петербург шаарында - 262;

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 261 жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 654 миң 405 адамдан коронавирус аныкталды. 9 миң 536 адам каза болсо, 422 миң 931 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан