Биз социалдык тармакта

Мухаммедкалый Абылгазиев ден соолугуна байланыштуу жеке менчик бейтапканага жаткырылды

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ден соолугуна байланыштуу жеке менчик бейтапканага жаткырылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Абылгазиев УКМКнын СИЗОсунан ден соолугунун начарлоосуна байланыштуу бир нече күн мурун клиникалардын бирине которулган.

Эске салсак, Биринчи Май райондук соту Абылгазиевдин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын 2021-жылдын 26-июль күнүнө чейин узарткан.

Маалымат үчүн:

Буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон.

Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталгандыгы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2021-06-08 14:08:09
Ошондон ары уруп кетпесин бизде ошондойго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан