Өлкөдө коронавируска каршы эмделгендердин саны 87 миңден ашты

Бүгүн, 8-июнга карата өлкө боюнча 87 миң 645 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы сутка ичинде 2 миң 842 жаран вакцина алса, анын 2 миң 47си экинчи жолу эмделишти. Муну менен өлкө боюнча 87 миң 645 адам вакцина алса, анын 42 миң 979у эки жолку эмдөөнү алышты.

Кыргыз жергесинде эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Учурда эмдөөгө Sinopharm жана Спутник V вакциналары колдонулуп жатат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан