Облустар боюнча стационарларда канча бейтап дарыланып жатат? (статистика)

19-июнга карата өлкөдө 796 бейтап коронавирус илдети менен күрөшүүдө. Анын ичинен 6 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.

Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 1 491 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 924 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы 13 жаран (Бишкекте 10, Чүйдө 3) каза болду. Калган 554 бейтап дарыланып жатат.

Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 570. Анын 238и облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 192 бейтап айыкты. Дагы төртөө каза болду. Учурда 42 бейтап (Араван аймактык ооруканасында 4, Алай аймактык ооруканасында 2, Кара-Кулжа аймактык ооруканасында 7, Ноокат аймактык ооруканасында 14, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 10, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 5) дарылануусун улантууда.

Ош шаарында 332. Анын 255 бейтабы илдеттен арылса, 9у каза болду. Стационарларда 68 бейтап дарыланууда (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 43, Ош облустук ооруканасында 13, Ош мамлекеттик университетинин клиникасында 12).

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 204. Бүгүнкү күндө анын 164 бейтабы айыгып, 2 бейтап каза болду. Калган 38 бейтап дарыланууда (Жалал-Абад облустук ооруканасында 30, Ноокен аймактык ооруканасында 6, Ала-Бука аймактык ооруканасында 1, Аксы аймактык ооруканасында 1).

Нарында жалпы 429. Анын ичинен 376 жаран сакайып, төртөө каза болду. 49 бейтап дарылануусун улантып жатат (Нарын облустук ооруканасында 33, Нарындагы үй-бүлөлүк медициналык жайында 2, Кочкор аймактык ооруканасында 13, Ак-Талаа аймактык ооруканасында 1).

Баткен облусунда жалпы 40. Анын 32 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 жаран дарыланууда. (Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 3, Кадамжай аймактык ооруканасында 5).

Ысык-Көлдө жалпы 31. Анын 18 бейтабы айыгып, 13 жаран дарыланып жатат. (Облустук ооруканада 9, Балыкчы шаардык ооруканасында 4). Белгилей кетсек, 27-апрелден 11-майга чейин аталган облуста ооругандар катталган эмес. Ага чейин катталган 10 бейтаптын бардыгы 6-майга карата айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.

Талас облусунда жалпы 24. Бейтаптар облустук бириктирилген ооруканасында дарыланууда. Аталган аймакта илдет 10-июнда биринчи жолу катталды.

Министрлик илдеттин белгилери байкалбай өтүп жаткан бейтаптар үй шартындагы карантинде болорун маалымдаган. Бүгүнкү күндө үй карантинине 252 бейтап жөнөтүлгөн. Дагы 1 миң 336 адам обсервацияда калууда.

Стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан