
Коронавирус жуктуруп алган Орусиянын өкмөт башчысы
Михаил Мишустиндин абалы жакшырып жатат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы журналисттерге билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, өкмөт башчы дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат. "Мишустин видеоконференция аркылуу кесиптештери менен жыйын өткөрүп турат. Президент менен дайыма байланышып жатат", - дейт басма сөз катчы.
Апрель айынын соңунда Орусиянын өкмөт башчысы коронавирус жуктуруп алганы
аныкталган. Ал коронавирус жуктурганы тууралуу өзү президент
Владимир Путинге билдирген. Мындан ары изоляцияда болоруна байланыштуу премьердин милдетин аткаруучу катары
Андрей Белоусовдун талапкерлигин сунуштаган. Путин ал сунуштаган талапкерди жактырган.