Садыр Жапаров Түркияга болгон иш сапары жемиштүү болгонун белгиледи

Садыр Жапаров президент катары Түркия Республикасына алгачкы иш сапары эки өлкөгө тең жемиштүү болгонун баса белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Быйыл Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Ага удаа эле кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелерине да 30 жыл толот. Түрк мамлекети Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныгандыгын, достук мамилелердин жогорку деңгээли 30 жыл бою бекем сакталып келе жатканын баса белгилейм. Кыргыз өлкөсүнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууда көрсөтүп келе жаткан баа жеткис колдоосу, материалдык-экономикалык жана моралдык-гуманитардык жардамы үчүн Түркия Республикасына жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем", - деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, иш сапардын алкагында эки тараптуу мамилелердин абалы менен келечегине байланыштуу темалар талкууланды. Эл аралык күн тартиптеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Президент эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына оң баасын берди. Атап айтканда, кыргыз-түрк кызматташуусунун көптөгөн багыттары боюнча мамлекеттер ортосундагы тыгыз байланыштын механизмдери иштелип чыкты.

Садыр Жапаров эгемендүүлүк жылдарында 10 миңден ашуун кыргыз студенттери Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алганын билдирип, тыгыз кызматташуунун натыйжасында бул сан мындан ары бир кыйла өсөрүнө үмүт артты.

Президент ошондой эле коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркияда 2022-жылга жылдырылган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

"Кыргыз мамлекети Түркияда болуп жаткан окуяларга кылдат көңүл коюп, байкап турат. Биз экономикалык тармактагы, эл аралык аренадагы ийгиликтерин жана жетишкендиктерин кубануу менен кабыл алабыз. Түркиянын дүйнөлүк коомчулуктун көз алдында артып бараткан кадыр-баркын жогору баалайбыз", - деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан