Бүгүн, 29-апрелде биринчи вице-премьер-министр жана республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов өлкөдөгү абал тууралуу маалымат жыйын берүүдө.
"Азырынча аэропорттор качан ачылары тууралуу маалымат жок. Себеби өзүңөр билгендей эл аралык каттамдарды биз чече албайбыз. Ал эми ички каттамдар азыр ачылбайт", - деди ал.
"Туу чокуга жеттик деп айтуудан алысмын. Бизде бир маселе бар. Буга чейин элдин арасында оорунун белгилери жок, бирок эл менен аралашып жүргөн бар. Жана жашырып жүргөндөр. Ошондуктан биз туу чокууга жеттик деп айтуу кыйын. Жөн эле адамдарды алдай берүү туура эмес", - деди Боронов.
"Көчөдө топ-топ болуп, бет кап кийбей жүргөн адамдарды милиция кызматкерлери карап жатат. Буга чейин 6 адамга 60 миң сомго чейин айыптар салынды. Себеби алар үй карантиндин эрежесин сактаган эмес. Ошондуктан ушундай эскертүүлөрдү эске алып, жарандар бир аз убакыт үйдөн чыкпай турушу керек. Мыйзамды сактайлы. Ал ар бирибиздин милдетибиз", - деди ал.
"1-майдан баштап Бишкек шаарында коменданттык саат алынбайт. Ошондой эле Бишкек шаарына башка облустардан кирүүгө уруксат берилбейт. Эгер биз уруксат берип салсак, биз вирусту жайылтып алышыбыз мүмкүн. Анан дагы шаарга кирүү үчүн сөзсүз өткөрмө кагаздар керек", - деди Боронов.
Абактарда карантин болуп жатат. Соттолгон жарандар жакындары менен жолугушууну токтоткон. Ошондой эле болушунча эрежелер сакталып жатат.
1-майдан баштап иштөөгө уруксат берилген кызматтарда көзөмөл күчөтүлөт. Эгер кандайдыр бир компания бекитилген эрежелерди сактабаса, аларга айып салынары айтылды.
Медицина кызматкерлерине айтылган кошумча акчалары төлөнүп берилгенин билдирди биринчи вице-премьер-министр.
Милиция кызматкерлерине кошумча акча төлөнөт. Анда кызматкерлердин ар биринин иштеген убактылары каралат. Мисалы, түнү иштегендер, кооптуу аймакта иштегендери бар дегендей.
Электр энергиясына болгон төлөмдөр маселесине өкмөттүн чечими чыккан. Төлөм төлөнбөгөнү үчүн эч кандай жарык өчүрүлбөйт. 3 айдан кийин барып төлөй берсеңиздер болот.
10-майдан кийинки абал бул ар бирибиздин карантин эрежелерин сактаганыбыздан көз каранды.
"Карантин бүтсө биздин жарандар мурдагы жашоо менен жашап башташат" деди Боронов карантин бүтсө тойлорго уруксат берилеби деген суроого жооп берип жатып.
"Коронавирустун экинчи толкуну күзүндө болот дегенди эксперттер айтууда. Кудай сактасын. Бирок азыр биздин кызматкерлер тажрыйбалуу болуп калды. Менин оюмча, биз кандай болсо дагы баарына даярбыз", - деди биринчи вице-премьер.
Бүгүнкү күндө 114 аймактарда жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында көп иштер бүттү. Бул аймактарда коронавирустан жабыркаган адамдар менен байланышта болгондор текшерилип жатканын билдирди биринчи вице-премьер-министр.
"Республикада коронавирус дагы да жайылып кетүү коркунучу бар. Себеби күндө 10-20 адамдан вирус чыгууда. Кээде таптакыр эле байланышта болбогон адамдардан чыгып калып жатат", - деди ал.
"Биз ар бир оору жуктурган жаран менен байланышта болгон жарандарды 24 саат аралыгында таап, анализдер алынууда. Учурда Талас жана Ысык-Көл облусунда абал жакшы сакталып жатат. Ал эми Ош, Бишкек шаарларында, Нарын облусунда вирусту жуктургандар көп болууда", - деди Боронов.