Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
"Өткөн сутка ичинде Бишкек шаарында коменданттык саат эрежесин 39 адам бузду. Өзгөчө абал режими киргенден бери коменданттык саатты 1919 адам бузган. Анын ичинен 1675 эркек жана 244 аял. Жасалма уруксат кагазы менен жүргөн 52 факты катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдирди шаар коменданты.