Биринчиде Ысык-Көл. Жалпы республикалык тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыгы чыкты

Өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктары чыгып, анда "Алтын сертификатка" 58 бүтүрүүчү татыктуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Билим берүү жана илим министрлигине байланышканыбызда билдиришти.

Маалыматка ылайык, эң жогорку упайды Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Анын баллы - 232.

Экинчи орунда Бишкектеги №26 гимназия-комплексинин окуучусу Алия Сарыгулова. Анын баллы - 231, үчүнчү орунда Талас районундагы Жумагул уулу Алымкул атындагы мектептин окуучусу Сымбат Касымбекова. Анын баллы - 230.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuuman
2021-06-21 18:39:18
Азаматтар. Өзгөчө айылда бүткөн таластык карындашты куттуктаймын. Жөнөкөй орто мектепте окуп 230 бал алуу бул сонун жетишкендик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан