Ошто кайгуул кызматынын туристтик сезонго даярдыгы текшерилди

24-июнь күнү ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош шаарынын борбордук аянтында Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн өздүк курамынын катышуусунда саптык кароо өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 2021-жайкы туристтик сезон ачылгандыгына байланыштуу Ош шаарынын аймагына жарандардын жана келген туристтердин коопсуздугун, коомдук тартипти камсыздоого багытталган бир катар маселелерге токтолуп, даярдыгы текшерилди.

"Жайкы туристтик мезгилде өлкө аймагында коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Ошондуктан жайкы туристтик сезондо коомдук жайларда, эс алуучу жана ден соолукту чыӊдоочу жайларда коомдук тартипти жеткиликтүү деӊгээлде камсыздап, жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ар түрдүү кылмыштарга жана криминалдык окуяларга кириптер болуусун алдын алуу керек.

Муну менен катар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, жол кырсыктарына жол бербөө үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу керек”, - деп жазылат маалыматта.

Ош шаарынын аймагында туристтердин коопсуздугу үчүн шаардын унаа жолдору, көчөлөрү, эл көп чогулган жерлер жана эс алуу жайларында көзөмөлдөр күчөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан