Алтын сертификатка ээ болгон Наргиза: "Тестке даярдыгым 10-классты бүткөндө эле башталган. Алтын сертификат аларыма ишенгем"

Ош облусунан 3 окуучу жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, алтын сертификатка татыктуу болду. Алардын бири - Өзгөн районундагы А.Тангатаров атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Наргиза Жолдошева.

"Максатым туура кесип тандап, ошол кесипте тажрыйбалуу адис болгум келет", - деген Наргиза SUPER.KG порталына ийгилик сырлары менен бөлүштү.

"Мен 2004-жылы Орусиянын Курган облусунда туулгам. Кийин Кыргыз өлкөсүнө көчүп келип, ушул жакта жашап калдым. Ата-энем мурда Орусияда иштешчү. Азыр кайтып келишкен. Бир сиңдим бар. Баарыбыз чогуу жашайбыз", - деди Наргиза.

Англис тили, кыргыз тили , математкиа сабактарын жакшы көрүп окуган Наргиза билим алуу үчүн Кыргыз өлкөсүндөгү алдыңкы окуу жайларды тандап жатат.

"Максатым туура кесип тандап, татыктуу билим алып, тажрыйбалуу болуу. Бул үчүн студент кезде чет өлкөгө чыгып келүүнү пландап жатам. Учурда өлкөдөгү алдыңкы университеттердин катарына кирген Ата-Түрк "Ала-Тоо" же Борбордук Америка университетине тапшырсамбы деп турам", - дейт ал.

Наргиза тестирлөөгө 10-классты бүткөндөн баштап даярдана баштаганын айтты.

"Жалпы республикалык тестирлөөгө да тынбай даярдандым. Ошондуктан алтын сертификат аларыма ишенгем. Өзүмө болгон ишеним жогору болчу. Даярдык 10-классты бүткөндө эс алуу учурунда эле башталды. Китептер менен таанышып, окшоштуктар, окуу жана түшүнүү сыяктуу тапшырмалар тууралуу маалымат чогултуп жаттым. 11-класста окуй баштаганда тестирлөөгө даярдоочу курстарга барып, өзүмдүн билбегендеримди толуктаганга аракет кылдым. Акыркы эки айда даярдык катуу болду. Негизги даярдыкты эрте баштап, сынамык тесттерден өтүп туруу пайдалуу экен", - деп айтып берди Наргиза.

Бош убактысында эмне кыларын сураганыбызда ал: "Негизинен китеп окууну жакшы көрөм. Бош убакытым болуп калса мотивациялык китептерди жана көркөм чыгармаларды окуйм. Музыка угуп, үй жумуштары менен алектенем. "Биз эмнеге муктажбыз" китеби боюнча "Китепкөй Чилистен" деген конкурска катышып, экинчи орунду алып Алматыга барып келгем. Предметтик олимпиадаларга катышчумун. Ошондой эле мектепти кызыл аттестат менен бүттүм", - деп жооп берди.

Ал эми Наргиза онлайн окуу тууралуу да ойлорун бөлүштү.

"Аралыктан окуунун пайдалуу жактары да, зыяндуу жактары да бар экен. Онлайн окуунун 20-30 пайыз пайдасын алдым. Карантин жаңы башталганда аралыктан окуй баштадык. Бирок байкасам унутчаак боло баштадым. Ушул жылдын январь айында кайра кадимки режимге өттүк. Баары бир бетме-бет окуу жакшы экен. Онлайн окуунун пайдалуу жактары каалаган учурда кирип даярдана бересиң. Материалдар абдан көп болчу", - дейт ал.

Эске салсак, быйыл өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына ылайык, 58 бүтүрүүчү алтын сертификатка татыктуу болду.

Эң жогорку баллды Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Анын маегин бул жерден окусаңыз болот.

Ал эми Баткен облусунан 3 окуучу алтын сертификаттын ээси болду. Алардын бири Кадамжай шаарындагы "Семетей" Кыргыз-Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Маратбек Араповдун маегин бул жерден окуй аласыз.

Өлкө боюнча эң жогорку баллга ээ болгон үчүнчү окуучу Сымбат Касымбекованын маеги бул жерде.

Кытайдагы Гонконг университетине тапшырууну пландап жаткан дагы бир алтын сертификаттын ээси Жанболот Кубанычбековдун маеги бул жерде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан