Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына караганда, алар төмөнкү аймактардан:
Бишкек шаары – 1;
Ош шаары – 1;
Баткен облусунда – 1.
Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 илдети жалпы 4 миң 95 медицина кызматкеринен аныкталып, алардын ичинен 3 миң 873ү сакайды.