Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инандынын кармалганын билдирди. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунда сөз сүйлөп жатып Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга алып келингенин кабарлаган.
"Атайын кызматтын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптусу Орхан Инандыны Түркияга алып келди. Орхан Инанды ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз", - деген Эрдоган.
Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан.