16 жаштагы кыз: "Жездем зордуктап жүргөнүн ачыктасам, балдары мени күнөөлөп жатышат"

Бизге башынан өткөргөн кайгылуу окуясын айтып, кайрылган өспүрүм кызды Айчолпон деп атадык. Ал 13 жашынан бери жездеси тарабынан зордукталып келгенин айтат.

“Жездемдин бул кылмышын ачыкка чыгара албай жүргөнүмө анын мени, атамды өлтүрүп коём деген коркутуулары себеп болгон” дейт Айчолпон.

Эми ал жездеси тарабынан зордукталып жүргөнүн ачыктады, бирок туугандары бул окуяга кыздын өзүн күнөөлөп жатышканын айтат. Ошондой эле ал “жездемди күч органдары эркиндикке коё берип жиберишти, ал келип мени коркутса, башка кыздарды зордуктаса кандай болот?” деп акыйкаттык издеп жүргөнүн кошумчалайт.

Жактоочу Шердор Абдыкапаров Айчолпондун кызыкчылыгын коргоп иш алып барууда. Жактоочунун айтымында, алар бул окуя боюнча Чүй облустук милициясына кайрылышкан, милиция кызматкерлери шектүүнү суракка алып, кийин ал үй камагына чыгарылган.

Видеону көрүү үчүн бул шилтемени басыңыз.

16 жаштагы кыз: "Жездем зордуктап жүргөнүн ачыктасам балдары мени күнөөлөп жатышат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Noon
2021-07-06 23:57:22
Аллах жазанды берсин мал
+8
Rifle_I
2021-07-06 23:58:24
13 жашындагы кызды зордуктап жатса кантип туугандары кызды күнөөлөп жатышат? Ал кичинекей кыз да. 16 жашка чыгыптыр. 3 жылдан бери зордуктап жүрсө, кесип эле салыш керек.
+11
Dembele84
2021-07-07 01:55:23
Даттануунун эн оной жолу,ыплас иш жасайын деди,зордуктады деп жалаа жабуу болуп баратат.Ошентип урушкан чатакташкан адамды камаса же акча ондурсо болот экен деп ойлогондор кобойду
-9
portugalia
2021-07-07 03:51:17
Мыйзам иштебейт.Бычыш керек,наристенин убалы уктатпасын!
+3
Tursunbaev1978
2021-07-07 06:42:27
Dembele84,Сенин жакыныңын башына ушундай иш түшсө,башкача ырдамаксын
+5
Alfiya
2021-07-07 07:36:48
Dembele84,ошол жезде сен окшойсун
+3
Dembele84
2021-07-07 09:39:34
Alfiya,Манка нары ойночу!
-3
deva
2021-07-07 08:48:18
Dembele84,Билип-билбей дөөрүй бербечи.Тим эле дүрбү салып карап тургансып.
+1
Dembele84
2021-07-07 09:40:03
deva,Оа дурбу менен карап турдум
-4
alym21
2021-07-07 14:07:42
Ата энеси жоош кишилер экен,бычып салыш керек карыган текени.
+4
Nursul
2021-07-07 22:03:50
Жаштар ыйман жолуна түшүп жатышса карылар артына кетишти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан