SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов болду.
Ал убагында айрым депутаттар үчүн кнопка басып добуш бергени эсиңизде болсо керек. Нышанов ал кылганы үчүн азыр өкүнүп жатканын айтты.
"Айрым депутаттардын жыйынга келбегендиги тууралуу ачуу айтсам катуу болуп калат. Бирок бул кыргыз элинин шору. Себеби айлыкты көп эле алат, ошондой болсо да 1 айда бир, 3 айда бир жолу келген депутаттар бар. Ошолор үчүн кнопкасын басып каттоодон өткөнүм үчүн бир мезгилде мени дагы сындап жүрүштү. Мен өзүм үчүн жаман көрүнгөн жокмун, ошолор үчүн жаман көрүндүм. Бул мен үчүн өкүнүчтүү, көрсө кыргыз элине чоң зыян алып келе турган жагдай болуп эсептелинет экен. Мурун депутат кесиптештер суранышар эле, ошол убакта алардын кнопкасын баскан учурлар болгон. Ошолордун ошондой жалкоо болгонуна менин дагы күнөөм бар экен деп өкүнүп жатам", - деди Нышанов.