SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев болду.
Жапыкеев финансы полициясы жоюлганын качан укканын айтты.
"Мени менен эч ким соодалашкан жок. Финансы полициясында татынакай эле иштеп жатканбыз. Менден сурабай эле жоюп салышты да. Улукбек Марипов деген неме жоюп салды. Аялдар күнүнө карата 5-мартта кыздарды куттуктап жатканда Финполиция жоюлганын уктук. Иштей албай койду деп айтышты. Өздөрү иштеп алышсынчы.
Люстрацияны менден баштайсыңарбы деп айттым. Мен, Тилек Токтогазиев, Эльвира Сурабалдиева болуп өзүбүз люстрация болуп калдык. Бир айдан кийин чакырышып, азыркы кызматты сунушташты. Мен бул кызматка жармашкан жокмун", - деди ал.